• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эксперт: Кумтөрдү тыштан башкаруу – туура жана негиздүү кадам

Коом 0

17-майда Жогорку Кеңеште «Centerra Gold Inc.» компаниясы тарабынан иштетилген “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы абалды талкуулоого арналган кезексиз жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө “Кумтөр” компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү аткарылган иштеринин корутундусу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат беришти. Комиссиянын мүчөлөрү доклад менен чыгышып, эл өкүлдөрүнөн “Кумтөр Голд Компаниге” сырттан убактылуу башкаруу киргизүү демилгесин колдоп берүүнү жана комиссиянын ишин иликтөөнүн бүтүшүнө чейин узартып берүүнү сурашты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары мамлекеттик комиссиянын сунушун жактырып, министрлер кабинетине “Centerra Gold Inc.” компаниясынын жер казынасын пайдалануу, экологиялык нормаларды бузуу жаатындагы жоопкерчиликсиздигине байланыштуу “Кумтөр Голд Компаниге” убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү, ошондой эле убактылуу тышкы башкарууну дайындоону сунушташты. Ошондой эле, парламент комиссиянын аткарган ишин жактырып, анын ишин иликтөө бүткөнгө чейин узартты.

Эксперт Бейшен Ишеновдун айтымында, бул президенттин жана өкмөттүн туура кадамы. Ал мындай чара зарылчылыкка жараша дүйнөнүн бардык өнүккөн өлкөлөрүндө көрүлөрүн белгиледи.

“Мен президент жана өкмөттүн сырттан башкаруу киргизүү тууралуу демилгесин колдойм. Эгер “Центерра голд” компаниясынын топ-менеджерлери өлкөдөн чыгып кеткен болсо, бул кен токтойт дегендик эмес. Биздин өлкөнүн жумушчу жарандары мурдагыдай эле иштеп, айлык акыларын ала беришет. Процесс улана берет”,-деди эксперт.

Ишеновдун айтымында, мындай ыкма дүйнөнүн бардык өнүккөн өлкөлөрүндө колдонулуп келет. Ал сырттан башкаруу кырдаалга байланыштуу зарылчылык туулган учурда киргизилерин белгиледи.

“Бул саясий гана чечим эмес, бул экономикалык жана экологиялык дагы чечим. 30 жылга жакын убакыттан бери биз кен байлыктарыбызды чет өлкөлүк компанияга берип келдик, ал эми алар көп мыйзам бузууларга барышты, мен биринчи кезекте экологиялык жаатта айтып жатам. Биз көбүрөөк алышыбыз керек, алтынды кайра иштетип, тышкы рынокто сатышыбыз керек, бул азыркы учурда бизге абдан зарыл болуп турган киреше. Мен бул президен тарабынан демилгеленген өкмөттүн эң туура жана негиздүү кадамы деп эсептейм”,-деди Ишенов.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий