• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эксперт: Тажикстандын авторитардык режими ички көйгөйлөрдөн улам тышкы душманды түзүүгө аракет кылууда

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Негизинен бул жаңылык деле эмес, күтүлгөн эле окуя болгон. Кырдаал жылдан-жылга чыңалып келген. Бул көйгөйлөрдүн баардыгы топтолуп калган. Тилекке каршы, бул маселени дипломатия жолу менен чечүү үчүн, комиссиялардын эки тараптуу жолугушуулары натыйжа берген жок. 30 жылдан бери маселени чечүү мүмкүн болбой келет. Мындай пикирин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан жаңжалга комментарий берип жатып саясат таануучу Азамат Темиркулов билдирди.

Эксперт Рахмондун авторитардык режими экономикада болгон ички көйгөйлөр, тажик режими тарабынан эзилген мусулмандардын нааразычылыгы, оппозиция менен болгон көйгөйлөрдөн улам тышкы душманды түзүүгө аракет кылууда деп эсептейт.

Саясат таануучунун пикиринде, чыр-чатактуу кырдаалдын пайда болушунун дагы бир фактору бар. Темиркулов тажик тарап Кыргызстанда абал туруксуз деген үмүттө кырдаалды курчутууга аракет кылган деп эсептейт. Анткени, алар Кыргызстандагы азыркы бийлик коомду бириктирип, бир пикирге келе албай калып, кыргыз бийлигине кандайдыр бир сындар айтылат деп үмүттөнүшкөн. “Тажик тарап Кыргызстандагы ички саясий кырдаалды колдонуп, өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргогусу келген. Ошондуктан, мындай чагымчылдык болгон”, - деди саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий