• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эксперттер: Эл аралык аба каттамдардын жанданышы өлкө экомикасы үчүн өтө маанилүү

Коом 0

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов республикалык штабдын отурумунда мамлекеттик органдарга бир катар өлкөлөр менен эл аралык каттамдарды жандандыруу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле ал кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт - унаа жолу" көзөмөл өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу маанилүү экенин эскертти.

Бир катар эксперттердин пикири боюнча, коронавирус көпкө чейин артка чегинбейт. Андыктан бүгүнкү күндөгү башкы максат элдин саламаттыгы жана байгерчилиги. Андан тышкары эл аралык аба каттамдарды жандандыруу маанилүү иштердин бири. Алардын айтымында, жакын арада негизги өнөктөш мамлекеттер - Россия, Казакстан жана Кытай менен бардык байланыш каттамдарын жандандыруу зарыл.

"Кабар" агенттигине экономика тармагы боюнча эксперт Марат Мусуралиев билдиргендей, аба, жол жана темир жол каттамдарын жандандыруу дүйнөнүн бардык мамлекеттери үчүн маанилүү.

"Арийне чек араларды ачуу, каттамдарды жандандыруу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Кыргызстанга стратегиялык өнөктөштөр - Россия, Казакстан менен бардык байланыш каттамдарын жандандыруу зарыл. Россия сатып алуучу жана эмгек рыногу болсо, Казакстан транзиттик өлкө. Андан кийин Кытай менен чек араны ачуу маанилүү. Алардын баары биз үчүн маанилүү - экономикалык жактан. Бирок аларда да эмидемиологиялык абал туруктуу эмес", - деди ал.

Ал Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия, Латын Америка өлкөлөрү жана АКШ менен аба каттамтарды жандандыруу маселеси боюнча, ал өлкөлөр Кыргызстандагы жана аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга карай турганын билдирди.

"Өнүккөн өлкөлөр - негизинен Европа мамлекеттери Кыргызстандагы, жалпы эле аймактагы абалдын жакшырышын күтүшөт. Бирок алар расмий маалыматтарга гана баам салат деп айтууга болбойт. Алар эмидемиологиялык кырдаал боюнча маалыматты бардык булактардан - өкмөттүк дагы, эл аралык уюмдардын дагы маалыматтарын карашат", - деди ал.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча айтып жатып, профессор, Россия академиясынын академиги, Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери Омор Касымов билдиргендей, кырдаал туруктуу деп айтууга болбойт, ошондуктан шашылып чечим кабыл албаш керек. Анын пикири боюнча, пандемия менен байланышкан абал үч жылдан кийин турукташат.

"Азыр пандемия менен байланышкан кырдаал туруктуу эмес. Албетте чек араны ачуу маселеси бардык өлкөлөр үчүн маанилүү. Европа мамлекеттери ооругандардын саны азайгандыктан өз ара чек араларын ачышты. Бирок ал кайра оорунун өсүшүнө алып келди. Жыйынтыгында кайра чектөө киргизе баштады. Биздин аймакта да абал туруктуу эмес. Вирус КМШнын бардык өлкөлөрүндө жайылып жатат. Азыр кырдаалдын кайра курчушуна жол бербеш керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий