• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эксперттик коом жакында өткөн референдумду талкуулады

Аналитика 0

11-апрелде өлкөдө Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Жаңы Конституцияга шайлоочулардын 79%дан ашыгы добуш беришти.

Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы аймактардагы добуш берүүнүн статистикасы тууралуу маалымат берди:

  • Бишкек шаарында: «Макул» – 60,8%, «Каршы» – 36%;
  • Ош шаарында: «Макул» – 80,25%, «Каршы» – 12,12%;
  • Жалал-Абад облусу: «Макул» – 84,23%, «Каршы» – 8%;
  • Ысык-Көл облусу: «Макул» – 85,18%, «Каршы» – 9,11%;
  • Нарын облусу: «Макул» – 82,76%, «Каршы» – 11,22%;
  • Ошская область: «Макул» – 84,57%, «Каршы» – 7,58%;
  • Талас облусу: «Макул» – 74,98%, «Каршы» – 16,05%;
  • Чүй облусу: «Макул» - 70,9%, «Каршы» – 21,31%;
  • Баткен облусу: «Макул» – 84,2%, «Каршы» – 8,82%.

Көпчүлүк эксперттер жаңы киргизилгендер тууралуу оң пикирин айтышууда. Жаңы Конституциянын пайдасына жазылган башкы аргумент – бийликтин жоопкерчилиги, бул жөнүндө буга чейин көп жолу айтылып келди. Бирок бары кынтыксыз болду дегенден алыс болушубуз керек. Алдыда көп иштер турат, атап айтканда, мыйзам чыгаруу, анткени айрым мыйзамдарды өзгөртүүгө же жаңыдан жазып чыгууга туура келет.

Өзгөртүүгө байланыштуу саясат таануучу Игорь Шестаков өзүнүн пикири менен бөлүштү.

“Референдум темасы күздөгү окуялардан кийинки жарым жыл аралыгындагы негизгилердин бири болду. Ар күнү ЖМКларда жана социалдык тармактарда ушул маселе талкууланып жатты. Бирок конституциялык тема пандемиянын экинчи толкуну учурунда өзгөчө көңүл чордонунда болду деп айткым келет. Анда социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары бийликтин жардамы кана деген суроону берип жатышты. Кыргызстандыктар 2020-жылы тандалып алынган башкаруу формасына күбө болушту. Биздин жарандардын тагдыры үчүн бийликтин жоопкерчилиги болгон эмес. Адамдар өздөрүн-өздөрү сактап калышты. Президенттик башкаруу формасы пандемия шартында азыркы чындыкка ылайыкташтырылган. Дагы бир учур – 120 депутат. Бул негизги суроолордун бири болуп келди. Көпчүлүк бюджеттин жетишсиздиги шартында мынча депутаттын эмне кереги бар деген суроолорун беришти”, - деди Шестаков.

Ошондой эле эксперт 2010-жылдагы партиялык система партиялар менен шайлоочулардын ортосунда байланыш түзбөгөнүн көрсөттү деп белгиледи. Албетте, жаңы Конституцияга байланыштуу суроолор бар, бирок эксперттердин айтымында, процесстин үзгүлтүксүз жүрүшү маанилүү.

Конституциянын дарегине айтылып жаткан сын-пикирлер түшүнүктүү, ал бардык өзгөрүүлөрдө пайда болот, президенттик башкаруу формасы айрыкча азыркы оор абалда жалгыз вариант болуп саналат. Анткени, пандемия учурунда эч кимде жоопкерчилик жок экенин көрсөттү, натыйжада карапайым калк жабыркады деген пикирин айтты, Конституциялык кеңешменин (КК) мүчөсү Муратбек Иманкулов.

“Акыркы убактарда жаңы Конституцияга карата сын-пикирлер, мындай чечим шашылыш кабыл алынгандыгы тууралуу ойлор айтылып жатканына байланыштуу мен башка өлкөлөрдүн көптөгөн Конституциясын изилдеп чыктым десем болот. Көпчүлүк өлкөлөрдө Баш мыйзам 2-3 айдын аралыгында эле кабыл алынган. Диктатура болот дегенге байланыштуу айтылгандарга диктатураны ошол парламенттик тутум өзү алып келгенин белгилегим келет. Көп партиялуулук диктатуранын пайда болушун шарттайт. Ошондой эле тарых парламентаризм көп тармактарда өнүгүүнүн артта калышына өбөлгө түзгөнүн көрсөттү”, - деди Иманкулов.

Мурдагы акыйкатчы, КК мүчөсү Турсунбек Акун дагы жоопкерчиликти жактап сүйлөдү.

“2021-жылы 2 тарыхый окуя болду – президенттик башкаруу формасын аныктоо. Экинчиси 11-апрель – бул шайлоо жана референдум өткөрүү, эл Конституциянын жаңы редакциясын аныктады. Ошону менен буга саясатчылар же президент эмес, эл чекит койду. Элдер ушундай тандоо жасашты, анткени партиялардын башкаруусунан кийин өлкөдө бир дагы президент жоопкерчилик алган жок, анткени Конституцияда ошондой жазылган. Мамлекетте иштер начарлай баштаганда, алар премьер-министрди курмандыкка айлантып келишти. Элдер олуттуу чекитке жетип калышкан, ошондуктан алар болуп өткөндөргө кимдир бирөө жооп беришин каалашат”, - деди эксперт.

Ошондой эле референдумдан кийин айрым батыш өлкөлөрү башкаруу формасын өзгөртүүгө байланыштуу өздөрүнүн тынчсызданып жатышканын билдирди. Бирок эксперттер бул республиканын ички иши экенин, ага кийлигишүүнүн кереги жоктугун белгилешет.

“Мен эмне үчүн жамааттык батыш биздин реформага душман болуп жаткандыгы тууралуу айткым келет. Жалпысынан алганда биздикиндей чакан өлкөдө башкаруу формасы кандай экени алар үчүн бары бир. Эгер аларга президенттик башкаруу формасы пайдалуу болгондо, анда алар аны жакташмак. Башкаруу формасынын өзү жөн гана курал. Ал коопсуздукту камсыздап, өлкөдөгү абалды жакшырта алабы, өлкөнүн өнүгүшүнө алып келеби ушул тууралуу ойлонуш керек. Дагы бир суроо жаралат – жогорку жетекчилик ушул куралды колдоно алабы. Мен Жапаровго программалык сөзү менен элге кайрылуу жасаш керек деген сунушумду айтат элем”, - деди коопсуздук маселеси боюнча эксперт Талайбек Жумадылов.

Евразия аналитикалык клубунун жетекчиси Никита Мендкович өзгөртүүгө байланыштуу өзүнүн пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, Конституция – бул Кыргызстандын гана жеке иши. Эгер эл бийликтин ыйгарым укуктарын ушундай бөлүштүрүү өлкөдөгү жашоону жакшы жагына өзгөртөт деп эсептесе, анда мындай оңдоолорду сырттан эч ким бул демократиялык эмес, эстетикалык эмес жана башка деп атоого укугу жок.

“Азыр белгилүү бир кайра куруу жүргүзүлдү, мамлекет башчысы чоң ыйгарым укуктарга ээ болду, эми ушул ыйгарым укуктарды кылдаттык жана этияттык менен колдонуу маанилүү, айрыкча тышкы оюнчулар, биринчи кезекте АКШ өзгөрүүлөрдү четке кагуусунан улам коркунучтар пайда болду. Мен Москва менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуунун күчөшү Кыргызстан менен Американын ортосундагы мамилелерге таасир этпейт деп эсептейм, анткени америкалык тараптын жаңы бийлик менен мамилеси Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин дароо начарлап кетти. Эскерте кетейин, Америка элчилиги анын кылмыштуулук менен байланыштары тууралуу жарыялап, премьер-министрдин кызмат ордуна көрсөтүлүшүн айыптады. Демек, мунун тамыры кыргыз-орус мамилелеринде эмес, Вашингтондун чет мамлекеттерге аларды ким жана кандайча башкаруу керектигин айтып көнүп калгандыгында”, - деди Мендкович.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий