• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эксперттик «Тегерек стол» «Санариптик Кыргызстан — 2019-2023 санариптик трансформация Улуттук программанын Концепциясын» талкуулады

Коом 0

Бишкек, 17.11.18. /Кабар/. Бишкекте «Санариптик Кыргызстан — 2019-2023 санариптик трансформациясы Улуттук программасынын Концепциясы» боюнча эксперттик «Тегерек стол» өттү.

Иш чаранын максаты: санариптик трансформация боюнча мыкты чечимдерди издөө, башка мамлекеттердин тажрыйбасынын эске алуу менен, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттик жана бизнес коомчулугу тарабынан сунушталган Улуттук программанын Концепциясын, жаңы кадамдарды, идеяларды талкуулоо. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткарууда Улуттук программанын Концепциясы кызыктар баардык тараптардын катышуусу менен иштелип чыккан.

«Тегерек столго» Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, санариптик трансформация тармагындагы эксперттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү катышты.

Иш чараны Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагинбаев ачты. Өз сөзүндө ал санариптик экономика жана иновациялык технологияларды баардык тармактарда колдонуу өлкөнүн атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүн, калктын коопсуздугун жана бакубатчылыгын шарттайт деп белгиледи.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Дастан Догоев «Санариптик Кыргызстан"-2019-2023 санариптик трансформация Улуттук программанын Концепциясынын долбоору менен тааныштырып, санариптик экономиканы калыптандыруу, мамлекеттик башкарууга жаңы санариптик технологияларды киргизүү, санариптик мамлекеттик кызматтарды түзүү, санариптик иновацияларды киргизүү боюнча эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен компетенция борборлорун, инновациялык кластерлерди, өлкөнүн калкы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана экономикалык секирик үчүн шарттарды түзүү боюнча негизги ыкмалар тууралуу айтып берди.

Презентациянын жыйынтыгында «Тегерек столдун» катышуучулары Концепциянын долбоорун талкуулап, Кыргызстанды өнүккөн маалыматтык коом өлкөсүнө жеткирүү максатын ишке ашыруу боюнча бир катар пикирлер айтылды.

«Тегерек стол» Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу аркылуу өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий