• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эксперттик топ “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында түзүлгөн Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабековдун жетекчилиги астында өткөн аталган кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасындагы “Ачык асман” саясатын ишке ашыруудагы тиешелүү чаралар боюнча “ЖИА” бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов баяндама жасады. Анда бүгүнкү күндө чет өлкөлөргө ата мекендик авиакомпаниялардын учуу багыттарынын чектелгендиги (алар Орусия менен Түркияга гана учат), эл аралык аэропорттордун ортосундагы атаандаштык күрөштө биздин аэропорттордун утулушу, анын кесепетинен бир топ каражаттардын чет өлкөгө чыгып кетип жаткандыгы, саналуу гана авиакомпаниялардын аба жолу менен жүк ташуусундагы кызмат көрсөтүүлөр монополизацияланып, андан авиабилеттерге бааны коюлушу дагы монополизацияланып жаткандыгы белгиленди. Ошону менен катар кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн сунуштоо начар өнүгүп жаткандыгы кошумчаланды.

Жыйынга чакырылган КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу зарылдыгын айтып, антпесе туризм тармагында атаандаштыкта алсыз болуп жатканын билдирди.

Депутат Исхак Пирматов бул саясатты ишке ашырылышы туризмге оң таасир этерин белгилеп, бирок сөздөн башка аракет жок болуп жатканын сынга алды. Депутат бул маселени көтөрүп чыккан ишкерлерге ыраазычылыгын айтты.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев “Ачык асман” саясаты боюнча тиешелүү мыйзам долбоору иштелип бүтүп калгандыгын, жакынкы аралыкта чыга тургандыгын кабарлады.

Жыйынтыгында эксперттик топ түзүлүп, аба аркылуу жүк ташуу ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдарга анализ жүргүзүлүп, “Ачык асман” саясатын ишке ашыруунун зарылдыгына жүйөөлүү негиздемелерди даярдамай болду. Анын негизинде тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып КР Өкмөтүнө сунуштоо чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий