• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эксперттик топтун мүчөлөрү Разаков менен сот-укуктук реформаны өткөрүүнүн жүрүшүн талкуулады

Коом 0

Бишкек, 25.05.19. /Кабар/. Сот-укуктук реформанын алкагында иш чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү 24-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен жолугушту.

Жолугушууда жаңы жазык мыйзамдарынын шартында укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери, ошондой эле республиканын аймактарындагы укук коргоо жана сот органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча ишин иликтөөнүн жыйынтыктары каралды.

Атап айтканда, Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестринин жана Бузуулардын бирдиктүү реестри ишке киргизилиши боюнча мониторингдин жыйынтыктары жана сот-укуктук реформаны аткарууга тартылган жергиликтүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө сот-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыктары, айрым мыйзамдардын реформанын концепциясына шайкештиги жана 2019-жылдын аягына чейин биргелешкен аракеттердин кошумча пландары жөнүндө маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий