• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЭКСПО-2017: Астанадагы эл аралык көргөзмө ишин жыйынтыктайт

Аналитика 0

Астанада ЭКСПО-2017 аяктоодо

10-сентябрда Астанадагы ЭКСПО-2017 адистештирилген көргөзмө өз ишин жыйынтыктайт. ЭКСПО-2017 Казакстанда 10-июнда башталган, быйылкы көргөзмөнүн негизги тематикасы «Болочоктун энергиясы» деп аталып, келечекте аны натыйжалуу пайдаланууга арналган. Изилдөөчүлөр бир добуш менен колдоп чыгышты, алардын пикиринде коом альтернативдүү энергияны издөөгө мезгил келип жетти. Окумуштуулар энергияны океандын агымынан, толкундардын ыргалуусунан олжолуу тапса болорунайтышат. Мунун баары заманбап технологиялардын жардамы менен, 1 мүнөт ичинде күн электр станцияларын, ошончо энергияны жана заманбап атом электрстанциясына мүмкүндүк берет. Ошондуктан иш чарага Казакстан атайын айнек павильондон футуристтик шар формасындагы 20 кабаттуу шаарча курду. Металл менен айнектери 8 кабат жогору кеткен ийри сызык спираль түрүндө жасалды. Көргөзмөнүн экспозициясы ар кандай лазердик жана техника, компьютердин жардамы менен коштолгон шоулор көрсөтүлдү. Бул жерде ар бир, тагыраагы 115 өлкө өз экспозицияларын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алардын ичинен эң байлары Германия, Улуу Британия, Кытай жана Франциялар үчтөн жай ижарага алышкан.

ЭКСПОнун маалымат борборунун ыктыярчысы Анастасия Ногай Астана шаарында төрөлгөн. Ал ЭКСПО жөнүндө сөз болуп жатканда эле «көргөзмө биздин шаарды мындан дагы көрктүү кылды»деп билдирген. ЭКСПОнун аркасы менен биз көчөдөн чет элдиктерди көрө алдык. Мен буларды толкундануу менен кабыл алып жаттым. Биз «Болочоктун энергиясы» аркылуу баары жакшы болушун күтөбүз.

Кореялыктар күндөн энергия алуучу учагын алып чыгышты. Ошону менен бирге эле технологиянын келечегин кандай көрүшөрүн билдиришти. Алардын пикиринде жакында акылдуу технология баарына жеткиликтүү болот. Ал эми Кытайлыктар болсо кадимки учуп жүрүүчү поездди тартуулашты. Асманга учуп чыккан павильондо күн түбөлүктү энергиянын символу экендигин көрүүгө болот. Жапондор болсо, дүйнөгө акылдуу энергетикалык системаны үй чарбасынын деңгээлинде жада калса муздаткыч, үтүктөрдү пайдаланууга болорун тартуулашты. Бул Азия өлкөлөрүнүн павильондору эл эң көп киргендердин тизмесинде.

Европалыктар... Италиялыктар энергияны кантип суудан куюп алса болорун көрсөтүшсө, Германиялыктар үйдүн маңдайындагы тирүү балырларды алып келишкен. Мындан тышкары павильондордон ар өлкөнүн көргөзмөгө койгон экспозицияларын өзүнчө барып көрүүгө болот.

Кызыктуу ойлоп табуучулардын катарында словактар дагы бар. Алар заманбап тилде айтканда Экокапсула алып келишкен. Бул бир бөлмөлүү үйдү дүйнөнүн кайсы жерине барба өзүң менен бирге чатыр сымал алып жүрүүгө болот.

ЭКСПО -2017 эң көлөмдү павильон Казакстандыкы

Аянты боюнча эң көлөмдүү бул Казакстандын павильону болду. «Нур–Алем» иш жүзүндө баардык альтернативдик энергия табуу булактарын көрсөтө алды.

Астанада өтүп жаткан ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстан өлкөнүн электр өндүрүү тармагын даңазалады. Кыргызстандыктар үчүн көргөзмө аянтынан 36 чарчы метр жер бөлүнгөн. Бардык маалыматтар сенсордук экрандар менен сунушталды. Кыргызстан шамал, суу жана күндөн электр энергиясын өндүрүү дарамети, анын натыйжалуулугун ырастаган видеоролик даярдап барган. Кыргыз павильону Жибек-Жолу плазасында жайгашты. Экспозициясында маданият жана өлкөнүн тарыхы көргөзүлсө, «Болочоктун энергиясын» өнүктүрүү интерактивдүү маалымат берүүчү тактада сунушталды.

«Бизде өзүбүздүн суу энергетикабыз бар. Болгону анын 10 пайызын пайдаланабыз, калган 90 пайызын өздөштүрсөк анда электр энергиянын ири көлөмдүү, запасы болмок. Мындай сөзүн КР Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы, көргөзмөнүн башкы комиссары Марат Шаршекеев билдирди.

Ал эми күн сайын ар кайсыл өлкөлөрдүн көргөзмө учурунда улуттук күндөрү өтүп жатты. Бул жерден келген делегацияга жөн гана көргөзмөнүн ичине саякат жасатпай, чыныгы шоу көргөзүлүп турду.

Кыргыз-Казак алакасына 25 жыл

Кыргызстандын Эгемендик күнү Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында да белгиленди. ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын күнү уюштурулду. Салтанаттуу жыйында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова сөз сүйлөп, кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө жаатындагы аракеттер, Кыргызстанда жүрүп жаткан негизги реформалар, "Таза коом" программасынын максаттары тууралуу айтты. Ошондой эле вице-премьер министр Чолпон Султанбекова казакстандыктарды жакын арада белгиленген Конституция күнү жана "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүн жакшы өткөрүп алганы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бир катар мамлекеттер менен алака түзүп, анын ичинде Казакстан өзгөчө орунда турарын айтты. 15-октябрда эки мамлекеттин дипломатиялык байланышына 25 жыл толорун баса белгилеп, бирок эки элдин достугу кылымдарды камтый турганын да айтты. Катышуучулардын пикири боюнча Кыргызстандын гидроэнергетикасына кызыгуу мүмкүнчүлүгү чоң.

«Өз кезегинде Кыргызстандын улуттук күнүн белгилеп, ага 300 дөн ашык адам катышты. Астанадагы кыргыз диаспорасы дагы мекендештерди колдоп келишип, парадка чогуу басышты. Биз кыргыз павильонуна өзүнчө концерттик программа уюштуруп, кыргыз ырларын аткарып, улуттук бий бийленип «Манас» эпосунан үзүндү айтылган». Бул туурасында «Кыргызстан-Астана» этно-маданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов ой бөлүштү.

Улуттук парад менен жыйынтыкталды

Кыргызстандын күнү концерттик программа менен коштолуп, кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырды. «Доор» этнографиялык, «Семетей» бий топтору Атай Өмүрзаков, Закирбек Дүйшөнбек, Динара Акулова жана Темир Назаровдун чыгармачылыгы сунушталды. Келген коноктордун көңүлүн көтөрүп, шаңга бөлөдү. Чимирилте бийлеген кымча бел кыздарыбыз дагы көрүүчүлөрдү таң калтырбай койгон жок. Майрамдык иш-чара концерттик сахнадан Кыргызстандын павильонуна чейин өткөн улуттук парад менен жыйынтыкталды.

Рейна Досалиева, Астана

«Кабар» үчүн

Пикир

Оставить комментарий