• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экспорт жана импортко багытталган атамекендик өндүрүүчүлөр мамлекеттен каржылык колдоо алышат

Өкмөт 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Экспорт жана импортко багытталган атамекендик өндүрүүчүлөр мамлекеттен каржылык колдоо алышат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, экспорт жана импортко багытталган ишканалар мамлекеттен финансылык колдоо ала алышат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буйрукка ылайык «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо» долбоорго ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жалпы суммасы 350млн сом болгон аталган долбоорду быйылкы жылдын республикалык бюджетинин алкагында каржылоо тапшырмасы берилди.

Аталган максатта каражат «КР 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда каралат.

Ошондой эле Финансы министрлигине аталган долбоорду келерки жылы (биринчи, экинчи жана үчүнчү траншта субсидиялоо) каржылоо зарыл.

Долбоордун максаты – өзүнүн продукцияларын чет мамлекеттерге чыгарган жана импортту алмаштырган товарлар же сырьену чыгарган ишкердик субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Мындай ишканалар жеңилдетилген насыяларды ала алышат.

Долбоорго ылайык, экспортко багытталган жана импортту алмаштырган ишканалар каржылык чыгымдарын азайтуу, насыяларды тейлөөгө жана продукциялардын сапатын жакшыртууга жабдууларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыяларга жеткиликтүүлүгү камсыз кылынат.

Аталган долбоорду ишке ашыруу социалдык-экономикалык сезилээрлик натыйжа берет. Атап айтканда:

- өндүрүштө жумушчу орундарын саны көбөйөт.

- ишке жөндөмдүү калктын чет элге миграциянын деңгээлин азайтат.

- атамекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.

Жеңилдетилген кредиттерди алуу менен заманбап жабдууларды сатып алууга, чыгарылган продукциялардын өздүк наркын азайтууга насыя төгүмдөрүнүн чыгашаларын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

- экспортко чыгууучу проукциялардын көлөмү көбөйөт.

- жаңы заманбап технологиялык багыт жана өндүрүш түзүлөт.

Мындан улам аталган программаны ишке ашырылышы Кыргызстандын жалпы экономикасына ар тараптуу натыйжа берет.

Долбоордун алкагында финансылык каражаттарды коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер тарабынан ишкерлерге 2017-жыл ичинде экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу үчүн жеңилдетилген үстөк пайыз менен берилет.

Коюлган тапшырманын чечими жеке эле атамекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгын жогорулатпастан, республиканын экономикалык потенциялык мындан ары жогорулатууга дем берет.

Атап айтканда, жергиликтүү базарга жана экспортко чыгарылган продукциялардын көлөмү жана сапаты жогорулайт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдетилген үстөк пайыздагы кредиттерди берүүдө 2017-2019-жылдары коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын республикалык бюджеттин эсебинен субсидиялайт.

Пикир

Оставить комментарий