• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экстремизм жана терроризмди кызматташуу жолу аркылуу гана жеңүүгө болот – Каниметов

Коом 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Экстремизм жана терроризмди өлкөлөр аралык кызматташуу менен гана жеңүүгө болот. Бул тууралуу “Зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана медианын ролу” аттуу эл аралык форумда Ички иштер министрлигинин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүн биз абдан маанилүү болгон эсктремизм, терроризм жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролун талкуулап жатабыз.

“Бул көйгөй менен бир эле өлкөнүн күчү менен күрөшүүгө болбойт, анткени ал трансулуттук мүнөздөгү көйгөй. Бүгүнкү күндө экстремисттик уюмдар элдерди коркутуу максатында атайын механизмдерди иштеп чыгууда. Ушул жерде ЖМКлар чоң роль ойнойт. Азыр согуштар жана курал көтөргөн жаш балдар тууралуу тасмалар өзунүн күчүн көрсөтүүдө, ошол себептен кабарчылар андай материалдарды элге тартуулоодо, элдер коркпогондой жана үгүттөө болбогондой болуп абдан этият болушу керек”, - дейт министрдин орун басары.

Каниметов кошумчалагандай, КМШ ЖМК өкүлдөрү үчүн ошондой темаларды туура чагылдыруу максатында атайын окууларды уюштуруу керек. Экстремизмге каршы күрөшүүдө баардык күч-аракеттерди бириктирүү абзел.

“Экстремизм жана терроризмди кызматташуу жолу аркылуу гана жеңүүгө болот”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий