• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эквадордо “чочко тумоосунан” 22 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 23.01.18. /Кабар/. H1N1 сасык тумоосу (башкача айтканда “чочко тумоосу”) Эквадордо эки айдын ичинде 22 адамдын өмүрүн алды,-деп билдирет дүйшөмбү күнү Түштүк Америка өлкөсүнүн саламаттык сактоо министрлиги.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 19-ноябрдан 20-январь аралыгында дээрлик 500 адамдан сасык тумоонун ар кандай түрү аныкталган, алардын 441 “чочко тумоо” менен ооруп калышкан.

Каза болгондордун саны 23 адамды түзгөн, алардын ичинен бирөө гана башка вирус менен ооруп каза болгон, калгандары “чочко тумоосу” илдетинен көз жумушкан.

Comercio порталынын маалыматы боюнча, 700 миң адамга вакцина жасалган, саламаттык сактоо министрлигинде дагы 3,9 миллион дозага жеткен вакцина бар.

Чочко тумоосу (H1N1 вирусу) биринчи жолу Мексикада 2009-жылы катталган. Биринчи эпидемиянын аралыгында 2009-2010 жылдары дүйнө жүзү боюнча бир нече миңдеген адамдын өмүрүн алган.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий