• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнатын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов алып барып, КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурил Алымбаев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, “Курманжан Датка” коомдук фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошева, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев жана маркумдун туугандарынын атынан Кыргыз Республикасынын эл акыны Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыскуловдор сөз сүйлөштү.

Анда Майрамкан Абылкасымованын Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы, элин-жерин сүйгөн мекенчил кыргыздын кызы катары эскеришип, анын чыгармалары түбөлүктүү жана эл арасында аны өлбөс-өчпөс кылып кеткенине токтолушту.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Улуттук гвардиянын Ардак кароолунун катышуусу менен коштолуп, сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө жерге берилди.

Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 85 жаш курагында узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн үстүбүздөгү жылдын 16-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий