• 79.5
  • 83.82
  • 1.46

Эл акыны Сооронбай Жусуевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду

Маданият 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. КР баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышты.

Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган.

Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында 1943-жылы аскердин катарына чакырылып, согуштун акырына чейин Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн. Майданда эки жолу жарадар болгон. Акындын "Алдыга жүргүн, кыргыздар!" "Биз жеңишчил", "Жаркынга" деген алгачкы ырлары ошол кандуу 1943-жылы жаралган.

Согуштан кайткандан кийинки 1946-1947-жылдары Совет районунун "Коммунизм үчүн" гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947-1949-жылы болсо Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда билим алат. Аталган окуу жайынын кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөндөн кийин, 1951-жылы Ош облустук "Ленин жолу" гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеп жүрүп, ошол эле жылы Москванын Максим Горький атындагы адабият институтуна өтөт.

Аны аяктап келгенден кийин Сооронбай Жусуев 1959-жылга чейин "Ала-Тоо" адабий көркөм журналынын башкы редактору, "Чалкан" сатиралык журналында жооптуу катчы болуп эмгектенет. Акын 1949-жылы эле СССР жазуучулар союзуна 1949-жылы кабыл алынат. 1960–1986-жылдары акын Кыргызстан жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.

1950-жылы алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы басмадан чыккандан кийин, акындын дагы 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ырлары казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдерине жана башка чет тилдерине да которулуп чыгат.

Жусуев өзү да чебер котормочулук менен Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайам, Маяковский, Есенин, Гамзатов, Кулиев сыяктуу бир топ акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулаган.

Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1981-жылы ал "Кыргыз эл акыны" наамы ыйгарылган.

Сооронбай Жусуевдин 70тен ашык ырларына музыка жазылган. Алардын арасында Рыспай Абдыкадыровдун обонуна салынган "Айтсаң боло", "Кымбатым" аттуу ырлары, Асылбек Өзүбековдун "Кош жылдыз", Исрадин Аманбаевдин "О, анда көктөм эле" жана башка ырлар бар. Сооронбай Жусуевдин 2003-жылы өзүнүн небересине арнап жазган "Канат менен Зарина" махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулуп өзүнчө китеп болуп чыккан.

Ал эми 1998-жылы "Кыргызстандын эл агартуусунун отличниги", "Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери" деген наам алат. "Курманжан датка" аттуу ыр түрүндөгү романы үчүн 1998-жылы акын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. 2005-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму Сооронбай Жусуевдин чыгармачылык ийгиликтерин баалап, Алтын медаль менен сыйлаган. 2007-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам ыйгарылып, "Ак шум-кар" төш белгиси тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий