• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эл аралык аялдар күнүнө карата МЖАКта шашке турнири өттү

Коом 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. МЖАКтын чоң залында эки күн бою МЖАК Кубогуна шашке боюнча аялдар турнири өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган мелдешке республиканын Бишкек жана Чүй облусунда жайгашкан кылмыш-аткаруу мекемелеринин 26 кызматкери катышты.

Турнир мыкты оюнчуларды тандоодон тышкары шашке оюнун жана сергек жашоону жайылтууну шарттады.

Мелдеш олимпиадалык тутум боюнча өткөрүлдү. Атаандаштар үч партиядан ойношту. Жыйынтыгында 1-орунга ИК-16 бухгалтери ага сержант Гүлзат Байбостокова ээ болду. Экинчи орунду ИК-16 кенже сержанты Гүлзат Солтонай кызы, 3-орунду социалдык иштер боюнча ИК-8 ага нспектору капитан Манат Кадыркулова ээледи.

Жеңүүчүлөр Кубок, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий