• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эл аралык арбитраждык соттордо мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо боюнча иш-аракеттер планы бекитилди

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргызстанга каршы демилгеленген эл аралык арбитраждык доолордун, анын ичинде "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалдар алкагында Эл аралык арбитраждык жана башка соттук процесстерде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, ошондой эле жаңы арбитраждык доолордун мүмкүнчүлүтөрүн төмөндөтүү боюнча мөөнөттүү чаралардын планы бекитилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мөөнөттүү иш-чаралардын комплекси өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • мамлекеттин юрисдикциялык иммунитетин күчөтүүгө басым жасоо менен инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү;
  • жергиликтүү же эл аралык юристтердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына баа берүү боюнча шаймандарды киргизүү жана чыгымдардын деңгээлине мониторинг жүргүзүү;
  • эл аралык юристтер менен иштөө үчүн арбитраждык маселелер боюнча жергиликтүү топту түзүү;
  • жогорку тобокелчилик топтордогу мамлекеттик органдар жана мамкызматкерлер менен талдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Планды ишке ашыруу мамлекетти юрисдикциялык жактан коргоо жагынан чектерди жогорулатат жана Кыргызстанга каршы арбитраждык доолордун потенциалын төмөндөтөт.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанга каршы демилге кылынган бардык арбитраждык процесстердин мазмунуна талдоо башталды, юридикалык өкүлчүлүктүн натыйжалуулук маселелерин жана сапаттын/чыгашанын мониторинг жүргүзүүнүн учурдагы механизми изилденүүдө, ошондой эле жаңы арбитраждык доолор үчүн тобокелдиктерди жараткан же Кыргызстандын соттук позициясынын натыйжалуулугун төмөндөткөн системалык себептер аныкталды.

Ата мекендик эксперттер тобун түзүү жана эл аралык укук жана арбитраждык сот өндүрүшү маселелеринде юрист-практиктердин ата мекендик мектебин өнүктүрүүгө басым жасап, эл аралык консультанттар менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматын киргизүү пландаштырылууда.

Эл аралык юристтер жана тышкы кеңешчилерге жардам бере турган, же айрым арбитраждык жана башка процесстердин алкагында процесстерди өз алдынча жүргүзө турган ата мекендик адистер үчүн "Менторчулук" тажрыйбасын өнүктүрүү маселеси каралууда.

Мындан тышкары, иши инвестициялык талаш-тартыштардын жана арбитраждык доолордун пайда болуу тобокелдиги менен коштолгон мамлекеттик органдар үчүн маалыматтык жана тренингдик кампаниялар жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий