• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эл аралык байкоочу КРдагы добуш берүү жөнүндө: Элдер жигердүү катышууда, шайлоо таза өтүп жатат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21 /Кабар/. Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүгө) өтүүдө. "Кабар" агенттиги Россиянын жаштар жана балдар ассоциацияларынын Улуттук кеңешинин өкүлү, эл аралык байкоочу менен байланышып, өлкөдөгү добуш берүү процессинин жүрүшүнө кызыкты.

Дмитрий Саталкиндин айтуусуна караганда, шайлоо тилкелери убагында ачылды, алар Ош облусундагы Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондорунда болушкан. "Элдер жигердүү катышууда, шайлоо таза өтүп жатат. Комиссиялар иштөөдө, шайлоо участогуна кире бериште жеке коргонуучу каражаттар берилүүдө. Ошондой эле шайлоо участкаларынан чыкканда көзкарандысыз соцуюмдардын өкүлдөрү коомдук пикирди сурамжылоо жүргүзүп жаткандыгын байкадым", - деп эл аралык байкоочу өз ою менен бөлүштү.

Саталкин баса белгилегендей, анын өз карашына караганда, кыргызстандыктар үчүн референдумга байланышкан учур абдан маанилүү болуп саналат. "Элди республиканын келечеги катуу ойлондурат. Жарандар бул шайлоого олуттуу мамиле кылышууда", - деди Саталкин.

Пикир

Оставить комментарий