• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык байкоочулар шайлоо боюнча жыйын өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Кыргызстанда өтүп жаткан Президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочулар шайлоо күндөн кийин өздөрүнүн алдын-ала отчетун угузуу үчүн Бишкекте бүгүн, 16-октябрда маалымат жыйын өткөрөт.

Эл аралык байкоо миссиясы – бул бир нече уюмдан турган миссия; анын ичине –Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Демократиялык институттар жана адам укутары боюнча бюросу (ЕККУ ДИАУБ), ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы (OSCE PA), Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (PACE) жана Европалык Парламенти (EP) кирет.

Отчетту угузуучулар – Азай Гулиев, ЕККУнун байкоочуларынын атайын координатору жана кыска мөөнөттүк миссиянын башчысы; Дорис Фиала, PACE делегациясынын башчысы; Артур Герасимов, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясынын башчысы; Лайма Андрикиене, Европа Парламентинин делегациясынын башчысы; жана ошондой эле элчи Александр Кельчевски, ЕККУ\ДИАУБнын узак мөөнөтүү байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы болот.

Эл аралык шайлоону байкоо миссиясына 43 өлкөдөн келген 370 узак жана кыска мөөнөтүү байкоочулар катышты; анын ичинде 295 киши ЕККУ/ДИАУБ уюмунан, 37 ЕККУнун Парламенттик Ассамлеясынан келген депутаттар жана кызматкерлер, 23 Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынан жана 11 киши Европа Парламентинен болду.

Маалымат жыйын түз эфирде да болот, ал ЕККУ/ДИАУБнын сайтында http://www.osce.org/odihr/elections/kyrgyzstan/333296, жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын сайтында www.oscepa.org болот.

Пикир

Оставить комментарий