• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык баңгизат каналына тиешеси бар Досоновго таандык УКТ мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. К.Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч активдүү мүчөсү эл аралык баңги каналына катыштыгы бар деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-майда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А. аттуу үч мүчөсү «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багытында эл аралык баңги каналына катыштыгы бар деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган.

21-майда Кадамжай шаарындагы «Азия Ойл» май куюучу жайынын аймагынан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн (болжол менен «гашиш») табылган.

Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий