• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык блогерлер Кыргызстандагы кышкы туризмди дүйнөгө даңазалашууда

Маданият 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын кышкы туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү максатында Кыргызстанга алты англис жана орус тилдүү саякатчы-блогерлерден жана социалдык тармактарды активдүү колдонуучуларынан турган топ келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен кабарлашкандай, блогерлер жана социалдык тармактарды колдонуучуларга Коомчулукка негизделген туризм кыргыз ассоциациясы тарабынан атайын даярдалган кызыктуу жана өзгөчө тур тартууланат. Бул тур өзүнө Кыргызстан кышкы саякатка чыгуу үчүн жагымдуу өлкө катары лыжа жана сноубордду колдонуу менен фрирайд, параглайдинг, жаратылыш жайларын, маданий иш-чараларды жана тоо лыжа базаларын кыдыруу сыяктуу кышкы туризминин активдүү түрлөрүн камтыйт. Тоолуу райондордо жогоруда айтылган топту тоо гиддер ассоциациясынын Эл аралык федерациясынын (IFMGA) мүчөсү болгон Кыргыз тоо гиддер ассоциациясынын тажрыйбалуу гиди алып жүрөт.

10-күндүк тур «ЗиЛ» тоо лыжа базасында болуп өткөн туристтик, кайрымдуулук лыжа фестивалынан башталды, андан кийин саякатчылар Чункурчак капчыгайына, ошол эле аталыштагы тоо лыжа базасына жана Супара этнокурортуна барышат, андан тышкары Жыргалаңдагы жана Ак-Суудагы колдонула элек трассаны көрүшөт, ошондой эле көптөгөн маданий жана тарыхый жайларына баруу аркылуу кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен таанышышат.

Турдун жүрүшүндө жана бүтүү учурунда блогерлер өз катталуучуларын жана кышкы туризм күйөрмандарын шыктандыруу жана Кыргызстанга жакынкы арада келип кетүүсү үчүн Кыргызстандагы болгон саякатынан алган таасири жөнүндө видеоматериалдарды жана сүрөттөрдү камтыган кызыктуу онлайн контентин даярдашат.

«Мени Кыргызстандагы кышкы туризм инфраструктурасы жагымдуу таң калтырды. Бул жерде кыш мезгилинде саякатка чыгуу мен күтпөгөндөй оңой экен. Эгер буга жаратылыштын кооздугун жана кыргыз элинин меймандостугун кошсок, анда Кыргызстан кышкы саякат үчүн феноменалдуу жер болуп калат» деп өз таасири менен белгилүү австралиялык саякат-блогери Джарред Салем бөлүштү.

«Кыргызстандагы кышкы туризмдеги инфраструктура мени таң калтырат. Тоо лыжа базалары жетиштүү деңгээлде өнүккөн, ошондой эле кышкы активдүү туризм түрлөрү жана өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрү менен болгон айкалышуусу Кыргызстанды чындыгында өзгөчөлүү кылат. Мындай ачык кышкы таасирлер менде буга чейин болгон эмес» деп Америка Кошмо Штаттарынан келген саякатчы-блогер Алекс Рейнольдс айтты.

Блогерлердин басылмалары жөнүндө #DiscoverKyrgyzstan хэштеги боюнча жана DiscoverKyrgyzstan, Facebook, Twitter, Instagram социалдык тармактарынан билип турсаңыздар болот.

Кыргызстан кышкы туризм үчүн жагымдуу өлкө катары алдыга жылдырууда төмөнкү блогерлер катышат - Джаред Салем – NOMADasaurus, Александр Габченко - Gabchenko_kz, Александра Рейнольдс – Lost With Purpose, Николас Бертранд – Journal of Nomads, Станислав Степанов – Gelio, Данат Алиев - dan_a_t.

Кыргызстандын туризм тармагы менен тааныштыруу туру Швейцария Өкмөтү тарабынан экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы аркылуу каржыланууда жана Кыргызстандагы Хелветас уюму аркылуу ишке ашырылууда, Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин Борбор Азиядагы атаандаштыкты күчөтүү, соода жана жумуш орундарын түзүү боюнча долбоору аркылуу америка элинин колдоосу менен (USAID) ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий