Эл аралык донорлор Ливанга жардам берүүнү чечишти

Дүйнө 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бейрут шаарынын көчөлөрүндө порттогу кыйратуучу жарылуудан кийин соңку эки күн катары менен демонстрациялар өттү. 9-августта эл аралык саммиттин катышуучулары Ливанга жардам берүү үчүн каражат чогултуларын жарыялашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, Бейрут портундагы катуу жарылуунун кесепетин жоюу үчүн кеминде 117 миллион доллар жардам керек. 4-августтагы жарылуудан 160тан ашуун киши өлүп, миңдей адам жаракат алган. Дагы 300дөй тургун үй-жайсыз калды.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен БУУ эл аралык онлайн-конференция өткөрүп, Ливанга жардам берүү маселесин талкуулашты. Ондогон өлкө көмөк көрсөтүүгө макул экенин билдирди. Саммитте жардамдын көлөмү айтылган жок, бирок Франция президентинин кеңсеси жалпысынан 298 миллион доллар тартууга мүмкүн болгонун белгиледи. Дүйнө лидерлери өлкөдөгү коррупциядан кооптонуп, жардамды Ливан калкына түздөн-түз таратууга ниеттенишүүдө.

Ливан бийлигинин эсебинде жарылуудан өлкө 15 миллиард доллар зыянга учурады. Баштапкы маалыматка караганда, портто бир нече жыл мурда кемелердин биринен тартып алынып, ошол жерде сакталып турган аммиак селитрасына от тийип жарылган.

Нааразылык акциясына чыккандар ливан бийлигин шалаакылыкка, коррупцияга айыпташууда.

Пикир

Оставить комментарий