• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык эпизоотиялык бюро Кыргызстан менен кызматташуусун улантат

Коом 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Кыргызстанга биринчи жолу “Эл аралык эпизоотиялык бюронун (ЭЭБ) башкы директору доктор Моника Элуа иш сапары менен келди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоору менен эл аралык эпизоотиялык бюронун ортосунда 2014-жылы келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде бүгүнкү күндө ар тараптуу бир топ иштер аткарылды. Мындан сырткары, ЭЭБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен түздөн-түз иштешип келет.

Учурда ЭЭБдин Кыргызстандагы өкүлү болуп Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн ветеринария боюнча адиси,ветеринария илимдеринин доктору Жолдошбек Касымбеков иштейт.

Ж.Касымбековдун айтымында, Моника Элуанын Кыргызстанга келиши “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иштер жакшы жыйынтыгын берип жаткандыгы менен байланыштуу. “ЭЭБ менен долбоор ортосундагы келишимдин негизинде бир топ жумуштар аткарылды. “Алсак, КНАУга жардам берилип жатат. Окуу программаларын жакшыртуу боюнча сунуштарайтылып, эпизоотиялык абал боюнча жаңы предметтер кошулду. ЭЭБ тарабынан Кыргызстандын Ветеринардык кызматынын 2021-жылга чейинки өнүгүшүнүн стратегиясы иштелип чыгып, бүгүнкү күндө ветеринардык укуктук мыйзам актыларын чыгарууга, эхинококкоз, бруцеллез боюнча жана башка ветеринардык маселелер боюнча көмөк көрсөтүп жатат”,- деди ал.

Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткандыгы үчүн абдан кубанычта экендигин Моника Элуа билдирип, өлкөдө эпизоотиялык абал боюнча иштер жакшы жыйынтыгын бергендигин баса белгиледи. “Эл аралык эпизоотиялык бюро мындан ары дагы Кыргызстан менен кызматташтыгын улантып, колдоо көрсөтөт”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий