• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эл аралык фонддун жетекчиси акыркы он жылда биринчи жолу Өзбекстанга келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Эл аралык валюта фондунун директору Кристин Лагард Өзбекстанга сапар менен май айынын ортосунда келери күтүлүүдө. Бул тууралуу РИА Новости аталган өлкөнүн Борбордук банкынын өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, фонддун башчысы Өзбекстандын жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулайт.

Фонддун башчысы акыркы он жылда Өзбекстанга биринчи жолу келүүдө.

2017-жылы сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Кристин Лагард Нью-Йоркто жолугушуп, Өзбекстандын валюта реформасына техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу сүйлөшүшкөн. Негизинен мамлекеттик бюджеттин профицит менен аткарылышын камсыздоо, банк системасын турукташтыруу, тышкы соода саясатын либералдаштыруу, мамлекеттик статистика жана салык системасын реформалоо маселелерине көңүл бурулган.

Жакында Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитетинде Эл аралык валюта фондунун туруктуу кеңешчиси пайда болгону кабарланды. Ал салык комитети менен Каржы министрлигине 2019-2023-жылдардагы салык реформаларынын стартегиясын иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий