• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кечээ, 12-апрелде Юстиция министрлигинде министрдин орун басары Кынатбек Сманалиевдин жетекчилиги алдында Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган отурумдун жүрүшүндө жогоруда айтылган ведомстволор аралык комиссиянын 2020-жылдын 24-февралындагы отурумунун протоколу менен бекитилген 2020-жылга Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча иш-чаралар планынын аткаруу жөнүндө маселер талкууланган.

Ошондой эле, 2021-жылга Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча иш-чаралар планы каралды жана кабыл алынды.

Мындан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан сунушталган ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү менен «1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу кагылышуу учурунда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө конвенцияга карата түзүлгөн Протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» КР мыйзам долбоору жана мыйзам долбооруна карата токтомдун долбоору каралды жана жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий