• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык илим жана бизнес университетинин негиздөөчүсү СИЗОго киргизилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Эл аралык илим жана бизнес университетинин негиздөөчүсү СИЗОго киргизилди. Бул маалыматты милициядан тастыкташты.

Н.Асаналиев жакынкы эки айда камакта боло турганы айтылууда.

Эске салсак, буга чейин индиялык студенттер Бишкекте өткөн маалымат жыйынында аталган университеттеги акча талап кылуу боюнча айтып чыгышкан.

Алардын айтымында, жогорку окуу жайдын негиздөөчүсү Н.А. ар бир студенттен 2 миң 900 доллардан алган. Кийин аларды контракттарын төлөбөгөндүгү үчүн окуу жайдан чыгарып салышкан. Чет өлкөлүк студенттер Каржы полициясына 22 арыз менен кайрылышкан.

Көп өтпөй Билим берүү министрлиги аталган университет лицензиясынан ажыратылганын билдирген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев индиялык студенттер өздөрү талап кылынган параны берүүдө катышуучу болушу мүмкүн экендигин айткан.

Пикир

Оставить комментарий