• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык институт: Кыргызстандыктардын көбү Садыр Жапаровго ишенет

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Эл аралык республикалык институттун (IRI) Кыргызстандагы Аналитикалык изилдөө борбору (CISR) кыргызстандыктардын арасында сурамжылоо өткөргөн.

Сурамжылоого ылайык, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн өнүгүү багыты боюнча өсүп жатканын көрсөтүп, экономиканын төмөндөшүнө жана өлкөдөгү коррупциянын өсүшүнө тынчсызданышууда.

“Кыргызстандыктардын 34 пайызы өлкө башчысы Садыр Жапаровго ишенерин билдирген. Андан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге 18 пайызы, “Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбековго 8 пайызы ишенет. Саясатчылардын катарында ошондой эле Эрулан Кокулов, Жанар Акаев, Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев бар”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми “Өлкө туура нукта өнүгүп жатабы?” деген суроо берилгенде, жарандардын 85 пайызы туура нукта экендигин билдирген.

Сурамжылоого 18 жаштан жогору 1 миң 500 кыргызстандык катышкан.

Пикир

Оставить комментарий