• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эл аралык карылар күнү: Ички иштер министрлиги ардагерлерди куттуктады

Коом 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Ички иштер министрлиги милициянын Күзөт кызматынын ардагерлерин куттуктап, Бишкек шаарынын райондук карылар үйүнө материалдык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын башчысы Талант Исаев карыяларга узун өмүр, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бейпилдикти каалап өттү.

"Улуу муунга дайыма урмат-сый көрсөтүү, аларды кадырлай билүү биздин коомдун көөнөрбөс баалуулуктарынын бири экендигин баса белгилейм. Анын ичинен биздин түзүмдүн ардагерлерин унутта калтырбастан, кандай гана учур болбосун алар менен ар дайым жолугуп, акыл-насааттарын угуп, көйгөйлөрүн чечип берүүгө милдеттүүбүз", - деп куттуктап кетти Исаев.

Белгилей кетсек, 1-октябрь "Эл аралык карылар күнү". Бул күндү 1990-жылы БУУнун Башкы катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Пикир

Оставить комментарий