• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык кинофестивалда жеңген "Аврора" тасмасы кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланат

Маданият 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Бекзат Пирматовдын "Аврора" тасмасы 26-сентябрдан тартып өлкө кинотеатрларынан көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Toptash студиясынан билдиришти.

Россияда өткөн "Күмүш Акбузат" эл аралык кинофестивалында Бекзат Пирматовго "Аврора" тасмасы үчүн "Мыкты режиссердук иш" сыйлыгы берилген.

Мындан сырткары, Пусандагы (Түштүк Корея) BIFF кинофестивалынын негизги конкурсуна тандалып алынган. Норвегиянын "TIIF" конкурстук программасына тандалган, Швейцариянын "Black Movie" жана Казакстандын "Евразия" конкурстарында тартууланган.

Маалыматта айтылгандай, тасма Ысык-Көлдүн "Аврора" эс алуу жайында тартылган. Тасманын каармандары кээде каргашалуу кээде тамашалуу окуяларга туш болушат. Аны менен бирге, тасмада өлкөнүн көйгөйлөрү чагылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий