• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык Кувейт университетинде кургак учукка каршы күрөшүү айлыгы аяктады

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Эл аралык Кувейт университетинде (ЭКУ) кургак учукка каршы күрөшүү айлыгы аяктады. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыкталышана карата атайын чакырылган Бишкек шаарындагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыӊдоо кабинетинин дарыгери Т. Мамыткожоев универститеттин окутуучуларына, студенттерине жана окуучуларга кургак учук дартын кандай жолдор менен алдын алууга болоору тууралуу лекция окуп берди.

Дарыгер белгилеп кеткендей, учурда кургак учук дүйнөдөгү эӊ коркунучтуу дарт боюнча калууда.

Кургак учукка каршы күрөшүү айлыгы ДССУ тарабынан жыл сайын 24-мартта белгиленген Кургак учукка каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү карата өткөрүлдү. Анын алкагында ЭКУнун окутуучулары, студенттери жана окуучулары арасында дарттан сактануу чараларына багытталган иш-чаралар өткөрүлдү.

Ошондой эле адамдардын жана коомдун ден соолугуна кургак учуктун кандай терс таасири бар экендиги тууралуу маалыматтарды камтыган семинарлар жана аңгемелешүүлөр уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий