• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясы ИИМге жеке коргонуучу каражаттарын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясы Ички иштер министрлигине жеке коргонуучу каражаттарын тапшырды.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, уюм тарабынан 2 миң даана медициналык беткап жана 2 миң даана медициналык кол кап берилген.

"ЭККК мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде Ички иштер миинистрлигине өз жардамын көрсөтүүсүн улантып келет. Бул оор учурда да четте калган жок. Республикабыздын аймактарында, чек аралаш жерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлердин керектөөсүнө ылайык, тиешелүү каражаттар менен жардам көрсүтүп келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий