• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте "Үмүт" эл аралык кино форуму башталды

Маданият 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бишкекте "Үмүт" эл аралык кино форуму башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тогузунчу ирет өтүп жаткан бул кино форум СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналды.

Ачылыш салтанатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Анда ал жаңы режиссёрлорду алып чыгуу , таланттуу жаштарды колдоо, жалпы эле кинематография жана маданият жаатында КМШ өлкөлөрүнүн диалогунун өнүгүшүнө шарт түзүү максатында өткөрүлгөн "Үмүт" эл аралык форуму жыл сайын Кыргызстанда өтүп, арышы кеңейип жаткандыгына токтолду. Ошондой эле, ар бир катышуучуга чыгармачылык ийгилик жана эргүү каалоо менен, салтка айланып өтүп келген форум жаңы ысымдарды алып чыгып, кино жаратмандардын чыгармачылык жолу байсалдуу болуусун каалады.

Форумдун ачылышына конок катары Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делус, КР эл артисттери Айтурган Темирова, Гүлсара Ажибекова, коомдук–маданий ишмерлер жана кыргыз киноиндустриясынын жоон тобу катышты.

Фестивалдын программасы боюнча расмий ачылыштын алкагында абройлуу эл аралык кинофестивалдардын катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлдү. Бул жылы франциялык режиссерлор Лорье Фурне менен Арно Альберолланын "Адмирал Чумаков" тасмасы көрүүчүлөргө тартууланды. Фильмде советтик-кыргыз флотунун адмиралы Борис Васильевич Чумаков жөнүндө баяндалат.

Форум 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий