• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эл аралык миграция уюму Орусия менен Европадагы өзбек жарандарына жардам берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Эл аралык миграция уюму Өзбекстан жарандарынын Орусия менен Европа өлкөлөрүндө жумушка орношуусуна жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Өзбекстандын Ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган министрликтин өкүлдөрү Ташкентте Эл аралык миграция уюмунун делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда тараптар чет өлкөлөрдөгү өзбекстандык мигранттардын социалдык укуктарынын корголушун камсыздоого жардам берүү маселесин карашкан.

Мындан тышкары жолугушуунун катышуучулары Өзбекстан жарандары үчүн Польшага виза берүүнү көбөйтүү, ошондой эле Чехияга, Словакияга, Канадага, Австралияга жана скандинавия өлкөлөрүнө багытталган миграциялык каналдарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.

Өзбекстандын Ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министрлигинин маалыматына караганда, Эл аралык миграция уюму Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Ооганстандагы долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Ташкент менен Термезде өкүлчүлүктөрүн ачууну пландоодо. Буга чейин Өзбекстан ТИМи өлкө Эл аралык миграция уюмуна кирүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын билдирген. Бул маселе уюмдун ноябрда Женевада өтө турган жыйынында каралат деп күтүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча учурда 33 миллиондон ашык калкы бар Өзбекстандын 1,2 миллион жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Социологдор менен эксперттердин маалыматына ылайык, өлкө сыртында иштеп жүргөн өзбекстандыктардын саны 3 миллионго жетет.

Пикир

Оставить комментарий