• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан "Ден соолук" программасына донорлордун акча бөлүүсү тууралуу макулдашууну ратификациялады

Президент 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Бул Программаны ишке ашыруунун алкагында 2014-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасы, КРдагы Швейцария элчилиги, Немис өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумуна кол коюлган. 2012-2018-жылдарга «Ден соолук» программасын ишке ашырууга донорлордун салымы: КРдагы Швейцария кызматташуу бюросу — 11,96 млн. $ АКШ; Дүйнөлүк банк –13,5 млн. $ АКШ (мунун 55% — кредит, 45%- грант); Немис өөнүктүрүү банкы — 16 млн. евро. Бөлүнгөн каражаттардын 50% (21 млн. $ АКШ) Мам лекеттик кепилдиктер программасы (ПГГ) боюнча бюджетти колдоого багытталган.

Эл аралык Реконструкция жана өнүктүрүү банкынын 2017-жылдын 22-мартындагы катына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине юридикалык документтерге айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушталган. Долбоорду иштеп чыгуунун максаты төмөндөгүдөй өзгөртүлөт: «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоо боюнча „Ден соолук“ Улуттук программасынын алкагында эне жана баланын ден соолугун коргоо үчүн сапаттуу кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү».

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий