• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы "Түп-Каркыра" жолун калыбына келтирүүгө каражат бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы "Түп-Каркыра" жолун калыбына келтирүүгө каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

"Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы аймактык катнаштарды жакшыртуу программасынын 3-фазасын каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Ал долбоордун алкагында, "Түп-Каркыра көзөмөл өткөрүү жайы" унаа жолун, Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу жолду калыбына келтирүү, жолду тейлөө үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу, Жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө жана Кыргыз авиация институтунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында туристтик кызмат көрсөтүү борборлорун куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү каралган.

Долбоорго 55 млн доллар жумшалмакчы. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы ал каражаттын жарымын – 27,5 млн долларды насыя катарында, грант түрүндө 27,5 млн доллар берет. Насыянын мөөнөтү – 38 жыл. Жеңилдетилген мөөнөт 6 жыл деп белгиленип, насыянын пайыздык чени 0,75% болууда.

Пикир

Оставить комментарий