• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө грант жана насыя бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, аталган долбоордун жалпы наркы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсебинен каржылануучу 5 млн АКШ доллары. Долбоордун 1-фазасы 3 жылдын ичинде ишке ашырылат. 5 млн АКШ долларынын 2,25 млн АКШ доллары – грант, ал эми 2,75 млн АКШ доллары – насыя. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет. Жеилдетилген мөөнөтү 6 жыл. Пайыздык ставка – жылына 0,75%.

Долбоору Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана идентификацияны өткөрүү, ошондой эле фермерлерге инвестициялык колдоо аркылуу көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Анын жүзөгө ашырылышы менен Ысык-Көл облусундагы фермерлердин потенциалы бекемделиши, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө.

Депутат Асылбек Жээнбеков, Абылкайыр Узакбаев баштаган комитет мүчөлөрү долбоордун натыйжалуулугун арттырууга көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. Мындан сырткары, долбоордун алкагындагы компонеттерде каралган каражаттарды натыйжалуу багыттарга жумшоо боюнча өзгөртүү киргизүү тууралуу ой-пикирлер айтылды. Министрлик тарабынан 2-окуудагы талкууда компонеттерге каралган каражаттардын бөлүштүрүлүшү боюнча өзгөртүүлөр киргизилген вариант алып келинери белгиленди.

Жыйынтыгында сунушталган ратификаицялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий