• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 11 млн. доллар каражатынын 2,7 млн. доллары жумшалбай калган

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2013-жылдын 30-декабрындагы КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Грант №TF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-кат боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 11 млн доллар каражатынын 2,7 млн доллары жумшалбай калган. «Ал каражатка жыл аягына чейин меджабдууларды сатып алуу зарыл. Дагы бир ай убакыт бар, тендер жарыяланган, анын жыйынтыгы чыкса, жабдуулар сатылып алынат. Эгер жетишпей калсак, каражат келерки жылдын эсебине өтөт», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий