• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эл аралык Ош – Исфана жолунда жол белгилери орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. Эл аралык Ош - Исфана жолунда жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун 39 чакырымында Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан айлампага "айлампа кыймыл" деген белгиге кошумча "жол бер" белгиси орнотулган.

"Мурда айлампага оң жактан келген автоунаалар артыкчылыкка ээ болуп келген. Эми оң тараптан келген автоунаалар айлампа менен келген автоунааларга жол бериши керек болот", - деп айтылат маалыматта.

Ал жол белгилери автоунаа тыгындарын жоюу максатында орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий