• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык сулуулук күнү. Кыргызстандын ажарлуу жана таланттуу айымдары сүрөттө

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кечээ дүйнө жүзү боюнча Эл аралык сулуулук күнү белгиленди, ага байланыштуу “Кабар” агенттигинин жамааты бардык окурмандарды куттуктап, Кыргызстандын ажарлуу жана таланттуу айымдарынын сүрөттөр топтомун сунуштайт.

1.Таттыбүбү Турсунбаева - кыргыз театры менен киносунун жылдызы, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти.

2.Кыргызстандын биринчи балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева. Ал бир гана бийчи эмес, педагог да болгон. СССРдин эл артисти.

3.Бакен Кыдыкеева – советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы. СССРдин эл артисти. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти. Кыргызстандын эл артисти. Сталин сыйлыгынын лауреаты.

4.Кезектеги ажарлуу сулуулардын катарын таланттуу жаш актриса Элина Абай кызы толуктайт. “Курманжан Датканын” жаш кезиндеги образын жаратып, бүт коомчулукту өзүнө бурдурган сулуу кызыбыз тууралуу бир гана жергиликтүү ЖМКлар эмес, чет элдик басылмалар да жазып чыгышкан.

5. Алып баруучу, модель, актриса Рахат Божокоева – “Кыргыз айымдары акыркы 100 жылда кантип өзгөргөн” аталыштагы долбоорго тартылып, жалпы кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болду.

6. Бегимай Карыбекова модель, Кыргызстандын атынан буга чейин эч ким катыша албаган “Аалам сулуусу” сынагына катышмакчы.

7.Кийинки сулуубуз эл алдына боёксуз чыгуудан коркпогон – модель, актриса Мээрим Атанбаева. Ар кандай образдарды элге тартуулап келет, бирок бул бийкеч жалпы аялзатын өздөрүнүн нукура сулуулугун сүйүүгө үндөп келет.

8.Кезектеги сулуубуз спортту сүйгөн гимнастка Аида Акматова. Көпчүлүк кыргызстандыктар бул бийкечти таамай аткан жаачы катары таанышат.

9. Каныш Нурди – кытайлык кыргыз, музыкалык аспапта ойноо боюнча алдына эч кимди салдырбайт.

10.Бул бийкечти ар бир экинчи кыргызстандык тааныйт десек жаңылышпайбыз. Анткени, Айжан Асемованын сүрөттөрүн социалдык түйүндөрдөн кездештерүүгө болот. Интернет жылдызына айланган Айжан Асемова учурда окуйт, ар кандай роликтерге тартылып жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий