• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эл аралык Түрк академиясы быйыл агартуучу Молдо Нияздын 200 жылдыгын белгилейт

Коом 0

Бишек, 28.03.23. /Кабар/. Эл аралык Түрк академиясы быйыл кыргыздын ойчул акыны, агартуучусу Молдо Нияздын 200 жылдыгын белгилейт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Эл аралык Түрк академиясынын илимий кеңешинин кезектеги VI жыйынында айтылды.

Кеңешме Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманаливдин төрагалыгы астында өттү. Анын жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык маселелери, илимий-изилдөө долбоорлору, 2023-жылга карата түрк дүйнөсүнүн маанилүү даталарын бекитүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк академиясынын негизги илимий багыттарын ишке ашыруу боюнча Протокол кабыл алынды:

- Түрк дүйнөсүнүн тарыхый-маданий мурастарын изилдөө;
- Азыркы мезгилде түрк иденттүүлүгүнүн калыптанышы;
- Байыркы доордон азыркы заманга чейинки түрк тилдери;
- Түрк дүйнөсүндөгү экономикалык кызматташтык жана интеграция.

Мындан сырткары, кеңешмеде Түрк академиясынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жактырылды.

“Кийинки жылы Түрк академиясынын илимий кеңешине 10 жыл болот. Илим, билим жана руханий багыттагы кызматташтык, өз ара интреграция маселесин карап келет.Түрк академиясы Түрк цивилизациясы деген түшүнүктү жандандырууну негизги максат катары көрөт. Жалпы түрк чөлкөмү, жан дүйнөсү, цивилизациясы деген жаңы түшүнүктү бирдиктүү аймак катары карасак, түрк дүйнөсүндөгү интеграциялар жаңы бийиктиктерге жетишет деп ойлойм”, – деди министр Каныбек Иманалиев.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев 2023-жылга карата түрк дүйнөсүнүн маанилүү даталарынын бекитилгенин жана ошонун алкагында быйыл кыргыздын ойчул акыны, агартуучусу Молдо Нияздын 200 жылдыгы белгилене турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий