• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эл аралык Түрк академиясы ЮНЕСКОдо Алтын Ордонун 750 жылдын белгиледи

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Эл аралык Түрк академиясы ЮНЕСКОдо Алтын Ордонун 750 жылдын белгиледи. Бул тууралуу Түрк академисынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган эл аралык иш-чарага Америка, Россия, Индия, Кытай, Улуу Британия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Латвия, Голландия жана Мажарстан сыяктуу өлкөлөрдөн 70ке жуук окумуштуу жана ЮНЕСКОнун өкүлдөрү катышкан.

Илимий талкуу Эл аралык Түрк академиясынын Парижде ЮНЕСКО менен бирге өткөргөн «Улуу Талаа: маданий мурас жана аалам тарыхындагы ролу» форумунун алкагында өттү. Бул маанилүү пикир алышууда Академия 750 жылдыгын жарыялаган Алтын Ордо мамлекетинин курулушунун жана Талас курултайынын 750 жылдыктарына байланыштуу ааламга таанымал түркологдор орчундуу ойлорун ортого салып, илимий коомчулуктун назарына даректүү так маалыматтар менен катар жаңы корутундуларды сунушту.

«Атап айтканда, белгилүү түрк таануучу, Назарбаев университетинин профессору Юлай Шамилоглу «Алтын Ордо жана анын аалам цивилизациясына кошкон салымы», Россия Федерациясынын Татарстан илим академиясынын А.Х. Халиков Археология институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Айрат Габитович Ситдиков «Алтын Ордо археологиясы: изилдөөнүн жаңы баскычында», Өзбекстан Республикасынын Алишер Навои атындагы Өзбек тили жана адабияты университетинин профессору Гайболла Бабаяров «Каган» жана «Хатун» титулдары жазылган эски түрк тыйындары», Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Айболат Кушкумбаев «Алтын Ордо түрк калктарынын тарыхында», Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчуев «Моголстан жана анын кыргыз, казак элдеринин тарыхындагы орду» ж.б.лардын илимий баяндамалары жасалып, орчундуу илимий маалыматтар менен жаңы көз караштар зыялы коомдун талкуусуна коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Форумга ар кайсы өлкөлөрдөн келген окумуштуулар казак калкынын Эл башы Нурсултан Назарбаевдин «Улуу Талаанын жети кыры» макаласы Евразия мейкиндигинде тарыхый түшүнүктөрдү жөндөө менен катар аларды жаңы бийиктиктен баалоо, көз караштарды туура, кундуу тараптарга буруу маанилүү экендигин форумдун катышуучулары белгилешти. ЮНЕСКОнун өкүлдөрү макаладагы жылкынын колго үйрөтүлүшү, Улуу Талаадагы байыркы металлургия жана аң стили сыяктуу кундуу, маанилүү дүйнөлөр аалам маданияты менен цивилизациясында өзгөчө орду бар экендигин айтышты.

Ошондой эле, быйылкы форумда түрк элдеринин тарыхында айрыкча орду бар Жусуп Баласагундун «Кудатгу Билиг» чыгармасынын жазылышынын 950, акын Имамеддин Насиминин 650 жылдыгы сыяктуу белгилүү тарыхый даталарга байланыштуу талкуулар, пикирлешүүлөр уюштурулду. Бул талкууга Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиевдер да катышып, жалпы түрк маданиятынын, анын арасында кыргыз маданиятынын да аалам маданиятындагы орду, «Кудатгу Билиг» чыгармасындагы мамлекет, мамлекеттүүлүк идеялары жөнүндө кызыктуу билдирүү жасашты.

Париж форумуна Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү, элчи Муктар Жумалиев да катышты.

Париж форумунун ишине ВВС кыргыз кызматынын кабарчысы Венера Койчуева да катышып, чагылдырарын кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий