• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эл аралык Түрк академиясынын президенти Кыдырали Академияны куруучу мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали Академияны куруучу мамлекеттердин элчилери менен жолугушту.

Академиянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга Түркиянын элчиси Невзат Уянык, Азербайжандын элчиси Рашад Мамедов жана Кыргызстандын элчиси Жээнбек Кулубаев катышты.

Бул жолугушууда тараптар келечектеги иш-чараларды такташып, быйыл өткөрүлө турган иштердин мазмундарына көңүл бөлүштү. Ошондой эле айрым так сунуштар да айтылды.

Элчилер Эл аралык Түрк академиясынын аткарып жаткан иштерин колдой тургандыктарын билдиришти.

Өз кезегинде Академиянын президенти бир тууган мамлекеттердин элчилерине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий