• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Эл аралык террористтик топтун мүчөсү болгон КРнын А.А., аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 2014-жылы Сирия мамлекетине “куралдуу жихадга” катышуу максатында жөнөгөн. Ал жакта араб машыктыруучулардын жардамы менен атайын даярдыктан өтүп, кийин согуш аракеттерине активдүү катышып, андан кийин эл аралык террористтик уюмдардын лагерлериндеги жаңы адамдарды даярдоо боюнча иштерди жүргүзгөндүгү аныкталган.

Террористтик уюмдун лидеринин буйругу менен А.А., Кыргызстанда террористтик топторду түзүп, кийин “куралдуу жихад” өткөрүү максатында КРнын аймагына кирген.

Аталган жарандын террористтик ишмердүүлү боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп, кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алган.

Учурда А.А., УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий