• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстандагы туризм тууралуу айтылды – фото

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын алдыңкы туристтик компаниялары Берлиндеги эл аралык ITB-Berlin туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандагы эс алуу тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирди.

Аталган көргөзмө 6-10-март күндөрү болуп өткөн. Ага Кыргызстандын атынан 16 туристтик компания катышкан. Көргөзмөдө боз үй тигилип, музыка коштоп, комуздун күүлөрү жаңырып турган.

Ошондой эле көргөзмөгө келгендерге кийизден ар түрдүү буюмдарды жасоо жолдору көрсөтүлгөн.

Бул иш-чаранын алкагында Дүйнөлүк туристтик уюм, Жибек Жолундагы өлкөлөрдүн туризм министрлеринин IX Жолугушуусун уюштуруп, бул тармакты өнүктүрүү жана башка маселелер талкууланган. Кыргызстандын атынан ага КРнын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев катышкан.

Пикир

Оставить комментарий