• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эл аралык Валюта фонду: Кыргызстандын экономикасы 2019-жылы 3,8% өсөт

Экономика 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстандын экономикасы 2019-жылы 3,8% өсөрүн божомолдоп жатат. Бул тууралуу ЭВФ миссиясынын башчысы Кристиан Жос билдирди.

Аталган фонддун кызматкерлери Кристиан Жостун жетекчилиги алдында Бишкекте 6-19-март күндөрү болуп кетишкен.

Фонддун өкүлү билдиргендей, 2018-жылы Кыргызстандын экономикасы 3,5%га өсүп, ага аймактагы туруктуу шарттар себеп болгон. Жылына орточо 1,5%ды түзгөн инфляция, Ички дүң продукциянын 1,3% өлчөмүндөгү бюджеттин дефицити, туруктуу банк тармагы өкмөт менен Улуттук банк жүргүзгөн турукташтыруу саясатынын ийгиликтүү болгонун көрсөтүүдө.

"2019-жылы экономикалык өсүш 3,8%, орточо инфляция 2,2%, бюджеттин дефицити Ички дүң продукциянын 3,4%ына чейин жетери божомолдонууда", - деди Жос.

Пикир

Оставить комментарий