• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга электроэнергиянын баасын көтөрүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга электроэнергиянын баасын көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Аталган фонддун кызматкерлери Кристиан Жостун жетекчилиги алдында Бишкекте 6-19-март күндөрү болуп кетишкен.

Фонддун маалыматы боюнча, 2018-жылы Кыргызстандын экономикасы 3,5% өсүп, ага аймактагы туруктуу шарттар себеп болгон. Жылына орточо 1,5% түзгөн инфляция, Ички дүң продукциянын 1,3% өлчөмүндөгү бюджеттин дефицити, туруктуу банк тармагы өкмөт менен Улуттук банк жүргүзгөн турукташтыруу саясатынын ийгиликтүү болгонун көрсөтүүдө.

2019-жылы экономикалык өсүш 3,8%, орточо инфляция 2,2%, бюджеттин дефицити Ички дүң продукциянын 3,4% чейин жетери божомолдонууда.

Жүргүзүлгөн реформага карабай алсыз жактар да бар, - деп айтылат фонддун маалыматында. Маселен, экономиканын 30% түзгөн акча которуулар тышкы экономикалык жана геосаясий (күтүлбөгөн) жагдайларга карап өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми, экспорттун 38% түзгөн алтын казуу тармагы 2023-жылы "Кумтөр" кенинин ордуна башка альтернатива табылбаса кескин кыскарып кетиши ыктымал. Жылына орточо 4% жакын деп божомолдонуп жаткан өсүш кийинки беш жыл аралыгында жакырчылыкты кыскартууга жана жашоо шарт деңгээлди көтөрүүгө жетиштүү эмес.

Экономиканын дагы бийик, ар тараптуу өсүшү укуктун үстөмдүгү менен ишкердик климатты жакшыртууга көз каранды болот. Ал максаттарга жетүүдө каржы тармагын бекемдөө үчүн реформа, электр жарыгына бааны көтөрүү жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуунун орду чоң.

Пикир

Оставить комментарий