• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эл аралык валюта кору Тажикстанды банкротко кептелген эки банкты жоюуга чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Эл аралык валюта кору тажик бийлигин 2016-жылдан бери аманатчылардын акчасын кайтарып бере албай жаткан «Агроинвестбанк» менен «Точиксодиротбанкты» жоюуга чакырды.

2017-жылы февралда тажик өкмөтү жардам катары «Точиксодиротбанкка» 2 миллиард 250 миллион сомони, «Агроинвестбанкка» 1 миллиард 70 миллион сомони бөлүп берген. Бирок банктардын маселеси чечилген эмес.

Эл аралык валюта корунун жетекчилиги тараткан билдирүүдө банктардын аманатчылардын алдындагы карызын азайып, кирешеси көбөйгөнүнө карабастан, калктын банк системасына болгон ишенимин кайтаруу үчүн көбүрөөк аракет керек экендиги жазылган.

— Мындай шартта карыздарын төлөөгө кудуретсиз эки банкты жоюу жана аманатчылардын акчасын кайтарып берүү приоритет болуп эсептелет, — деп жазылган билдирүүдө.

Тажикстандын Улуттук банкы аталган банктардын банкротко кептелишине туура эмес башкаруу себеп болгонун билдирген. Учурда «Агроинвестбанктын» тогуз объектиси камакта турат. Бийлик аманатчылардын карызынан кутулуу үчүн ал мүлктөрдү сата баштай тургандыгын билдирген.

Өткөн жумада Улуттук банктын төрага орун басары Жамолиддин Нуралиев өлкө Эл аралык валюта корунун көптөгөн сунуштарын аткарганын билдирген. Тажикстан бир канча жылдан бери бул эл аралык каржы уюмунан жеңилдетилген насыя алууга аракет кылып келет. Эл аралык валюта кору 2017-жылы насыя берүүгө макул болуп, бирок тажик бийлигине банк, экономика тармактарында реформаларды жасоо шартын койгон.

Пикир

Оставить комментарий