• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эл аралык өзгөчө жардам боюнча алектенген министрликтердин иш-милдеттери аныкталат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Баатырбеков А.Б., Самигуллина А.Э., Матраимов И.И., Казакбаев Р.А., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Жамангулов А.Ж.

Аталган маселе боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин өкүлү, демилгечилердин бири Бахадыр Сулейманов баяндама жасады.

Кыргызстанда өз убагында жана сапаттуу гуманитардык жардамды алышы үчүн улуттук мыйзамдарды эл аралык гуманитардык укук менен шайкеш келтирүү зарылдыгы бар.

Демилгеленген мыйзам долбоору өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда эл аралык өзгөчө жардамдын, ошондой эле башка жабыр тарткан өлкөгө Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү эл аралык өзгөчө жардамдын жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, социалдык негиздерин аныктайт.

Тагыраак айтканда, мыйзам долбоору эл аралык өзгөчө жардамга көмөк көрсөтүү жана аны жөнгө салуу менен алектенген негизги министрликтердин жана ведомстволордун иш-милдеттери аныктайт; эл аралык өзгөчө жардам көрсөтүүнү демилгелөө, координациялоо жана токтотуу тартибин белгилейт; укук ээлеринин субъекттерине берилүүчү укуктук жеңилдиктерди аныктайт; товарлар, предметтер жана көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар ылайык келүүгө тийиш болгон минималдуу талаптарды аныктайт; өзгөчө кырдаалда эл аралык жардамдын жана алгачкы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө жардамдын мезгилдерин аныктоонун тартибин жөнгө салат.

“Өзгөчө кырдаалдагы эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна негиз катары 2009-жылы МФККнын БУУнун УКТФсы жана Парламенттер аралык Бирлиги (ПАБ) өнөктөштүктө иштелип чыккан “Өзгөчө кырдаалдарда эл аралык жардамга жана баштапкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардамга көмөктөшүү жана жөнгө салуу жөнүндө” моделдик мыйзам алынган.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий