• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эл аралык жана республикалык сынактарда жеңишке жеткендерге Ош мэри сыйлыктарды тапшырды

Аймак 0

Ош, 27.04.18. /Кабар/. Ош шаарынын коллегиялык жыйыны болуп, анда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев республикалык предметтик олимпиадада 1-орунду алган окуучуларга мэриянын Ардак грамотасын тапшырып, телевизор белекке берди. Ошондой эле, республикалык сынакта 2-3-орунду камсыз кылган окуучуларга ,Ош шаарындагы мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларынын арасында өткөн предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жанаЭл аралык предметтик олимпиадада алтын медалга ээ болгон окуучуларга А.Кадырбаев Ардак грамота жана планшеттерди тапшырды.

Мындан сырткары, окуучулардын мугалимдерине Ардак грамота жана 5 миң сом акчалай сыйлыктарды ыйгарды.

Ал эми, Республикалык предметтик олимпиаданын жыйынтыгы менен “Мыкты мектеп” номинациясына ээ болгон “Олимп” гимназия-мектебине 20миң сом берилди.

Пикир

Оставить комментарий