Эл арасында массалык түрдө коронавирус жуккан учур байкалган жок – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Эл арасында массалык түрдө коронавирус жуккан учур байкалган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондордун саны 7 миң 738 кишини түзөт. Алардын ичинен жакын байланышта болгондор 1 миң 663 (биринчи категория), 6 миң 75 киши экинчи категорияга кирет.

"Коронавирус аныкталган учурлар карантинге алынган адамдардын арасынан чыгып жатат. Эл арасында жугузган учурлар катталган жок. Бардык алгоритмдер боюнча иштер жүрүп жатат", - деди ал.

Ал, вирус аба аркылуу жугарын айтып, бирок оору тыгыз байланышта болуп, гигиеналык эрежелер аткарылбагандыктан жугуп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий