• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эл артисти Искра Райымкулованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-августта, Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, Кыргыз Улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын актрисасы Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маркум менен коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Искра Раимкулованын туугандары, замандаштары жана кесиптештери катышты.

Кыргыз эл артисти Искра Раимкулованын сөөгү Ала- Арча көрүстөнүнө коюлду.

Эске салсак, эл артисти 2021-жылдын 8-августунда 84 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Пикир

Оставить комментарий