• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эл артисти Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыянаты эртең өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-апрелде өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына таянсак, маркум менен коштошуу иш-чарасы бүгүн өтмөк, бирок белгилүү себептерден улам эртеңкиге жылдырылды.

Белгилей кетсек, КРнын эл артисти, театр корифейи, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты.

Алышпаев Марат Усенович 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган.

1972-жылы А.В. Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктаган.

Марат Алышпаев түрдүү жанрдагы ролдорду мыкты аткарган, чыгармачылыгын коомдук иштер менен айкалыштыра билген актёр болгону менен белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий